Кыргызстан «Танк биатлону» сынагында биринчи орунду ээлеп, Тажикстанды утуп алды

17:37, 03 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан «Танк биатлону» сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Сынак Россияда өтүүдө. Ага КМШ өлкөлөрүнүн аскерлери катышкан.

Кыргыз аскерлери Тажикстан жана Түштүк Осетия менен бирге финалга чыккан. Акыркы жүрүштө атаандаштарын артка калтырып, жеңишке жетишти.

«Танк биатлону» сынагы 2013-жылдан бери уюштурулууда. Өткөн жылы ага 22 команда катышкан.