Шайлоо. Добуш берүүдөн кийин алгач бир мандаттуу аймактардын жыйынтыгы чыгарылат

11:26, 03 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылат. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Шайлоо 28-ноябрда өтөт. 

Алгач бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, андан кийин партиялардын добуштары жарыяланат. 

Белгилей кетсек, 36 депутат бир мандаттуу округтан, калган 54 эл өкүлү партиялык тизме менен шайланат.