«Биз Өзбекстан мигранттарын тандоо, аларды эмдөө, Орусияга жеткирүү маселелерин ойлонуштуруп жатабыз. Эң коопсуз жол — Казакстан аркылуу поезд менен жеткирүү», — деди Стасишин.
Мигранттарды тандоо жыл соңуна чейин ишке ашары айтылды.
Орусия мигранттарды айыл чарба тармагына тартууну да пландап жатат. Март айынан бери мигранттар Орусияга учак менен гана бара алышат. Жумуш берүүчүлөр жол чыгымы көп болуп жатканына даттанышууда.
Жумуш күчүнүн жетишсиздигинен Орусияда мөмө-жемиштердин 20 пайызы жыйналбай калган.
Май айында Тажикстан менен Өзбекстан мигранттарына киргизилген чектөөлөр алынган. Бирок бул натыйжа берген эмес. Себеби учакка билет баасынын кымбаттыгынан көптөгөн мигранттар Орусияга бара албай калышкан.