Садыр Жапаров: Кубаттуу армияны даярдап жатабыз

12:27, 02 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан куралдуу күчтөрүн бекемдөөдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан согушка эмес, коргонууга даярдык көрүүдө.

«Кемчиликтерди көрдүм. Күчтүү мамлекет курууга белсенип жатабыз. Орустарда «тынчтыкты кааласаң согушка даяр бол» деген сөзү бар. Биз кол салууга эмес, коргонууга даярданып жатабыз. Буйруса, эмки жылга душмандын бутун сындырып, белин омуруп кое турган армия түзөбүз», — деди ал.