03:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт жемкорлук боюнча маалымат бергендерге 1 миллион сом берет

«Коррупциялык укук бузуу боюнча маалымдагандарды коргоо» жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу тартиби иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Жемкорлук иштери боюнча маалымдагандар мамлекеттик бюджетке кайтарылган акчанын 10 пайызын ала алышат. Бирок, сый акы 1 миллион сомдон ашпайт.

Берилген маалыматты атайын комиссия текшерип чыгып, он күн ичинде сый акы берүү боюнча сунуш киргизет.

Маалымат такталбаган учурда билдирүү боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар