Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 8 млн куб метрди түздү

11:56, 01 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

1-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 8 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 млрд 1 млн куб метрге жеткен.