Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барат

11:06, 27 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат.