09:15, 27 августа 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 10, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда 12 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 386 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 168, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 76, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 83, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 756 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 442 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 398 киши айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.