Ысык-Көлдү узунунан сүзүп келе жаткан спортчу 150 чакырымды багындырды

18:10, 26 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгону жаткан кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылына келип калды.

26-августта Чырпыктыда бир аз эс алып, Балыкчыны көздөй сүзүп жөнөй турганын аны коштоп жүргөндөр кабарлашты.

Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган. Ал Караколдон Балыкчыга чейинки 180 чакырымды сүзүп өтүүнү пландап жатат. 26-августка карата Караколдон Чырпыктыга чейин 150 чакырымды өттү.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.