102 адам Кыргызстан жарандыгынан баш тартты

18:25, 25 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров президентке караштуу жарандык боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө үч жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлыкка ылайык 548 адамды (399 — чоң киши жана 149 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынды. Булардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Экинчи жарлыкка ылайык, 102 адамды (83 — чоң киши жана 19 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. Бардыгы болуп 650 адам (482 — чоң киши жана 168— бала).