12:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылды

Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» аталышындагы жаңы почта маркасын чыгарууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«Марканын сүрөтчү-дизайнери — Каныбек Турумбеков. Мааракелүү марканын дизайны улуттук салтка шайкеш иштелип чыккан. «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» почта маркасынын негизги идеясы — ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны», — деп айтылат билдирүүдө.

Марканын жогору жагында тазалыктын жана аруулуктун символу болгон күндүн нурлары тартылган. Бүтүндөй композицияда табият көрсөтүлүп, Кыргызстандын бийик тоолору жана көпкөк ачык асман чагылдырылган. Марка Кыргызстандын жаратылышын таанытуу идеясын камтып, композиция Кыргызстандын өнүгүүсүн жана биримдигин билдирет. Төмөнкү сол жагында КЫРГЫЗСТАН, KYRGYZSTAN 2021 деген жазуу түшүрүлүп, ал эми оң жагында почта маркасынын номиналы, 66 сом көрсөтүлгөн.

Мааракелүү марканын туурасы 28 миллиметр, узундугу 40 миллиметр. 6000 нуска менен чыккан, 750сүнүн атайын тешикчелери жок.

Почта маркалары Беларуста «Беларусь басмаканасында» басылган. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жана дүйнөдөгү маанилүү даталарга жана окуяларга, ошондой эле тандалган темаларга ылайык жаңы почта маркаларынын сериясын киргизип турат.

Эң көп окулган жаңылыктар