Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди
12:39, 25 августа 2021, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
- Президент, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- министрлер кабинетинин төрагасы;
- президенттин администрация башчысы;
- мамлекеттик катчы;
- башкы прокурор;
- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.