21:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Даңазалуу доор» сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке келет

Кыргызстандыктарга «Даңазалуу доор» сериалынан улам таанылган түркиялык актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу аны чакырган Asian World Film Festival кинофестивалынын директору Асел Шерниязовага шилтеме берип уюштуруу тобунан кабарлашты.

Актриса Бишкекте телесериалдарга байланыштуу эл аралык ири долбоордун бет ачарына катышат.

«Сентябрь айынын башында жаңы долбоор боюнча маалымат жыйыны өткөрүлүп, ага катышкандарга кечки сый тамак уюштурулат. Мерьем Узерлиден тышкары Бишкекке белгилүү немец сүрөтчүсү Мартин Вертманн, продюсер, аялдардын укугун коргоо боюнча адис Мерал Мелики Дюрандын келиши күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Мерьем Узерли — «Даңазалуу доор» тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан соң көпчүлүккө белгилүү болгон немец-түрк актрисасы.

Эң көп окулган жаңылыктар