COVID-19. Ооругандардын 99 пайызы вакцина албагандар

14:50, 24 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Коронавирус жуктуруп алып азыр дарылануудан өтүп жаткан бейтаптардын 99пайызы вакцина албагандар. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Нурматов Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштаганын, ошого карабастан ар бир адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу керектигин, себеби вирус жаңы болгондуктан ал толук изилденип бүтө электигин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду.

Бүгүн 24-августта бул илдет менен 199 бейтап жаңы катталды. Июндун башында бир күндө 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.

Учурда республиканын бардык аймактарында «Спутник V», Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Эмделгендер 1 миллиондон ашты. Алардын 377 миңи вакцинанын эки дозасын тең алды.