07:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды

УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.

«Ал 50 миллион сом төлөдү. Тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмокчу», — дешти аталган комитеттен.

Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле.

Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка алуу чечимин чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар