07:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 199 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 96, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 45, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 5, Нарын облусу — 9, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 206, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 91, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 86, Жалал-Абад облусунда — 21, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 733 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 405 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар