COVID-19. Бир суткада 228 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

09:33, 23 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 23-августка карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 152, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 27, Талас облусунда — 9, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 394 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 165, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 64, Ош облусунда — 20, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 77, Жалал-Абад облусунда — 23, Баткен облусунда — 25 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 159 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 729 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 392 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 148 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 702 киши айыгып чыкса, 2 миң 489 адам каза болду.