11:00, 20 августа 2021, Бишкек - 24.kg
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн (байкоочу катары) Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.