17:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 242 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 242 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 81, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 71, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 11, Нарын облусу — 11, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда 15 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 526 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 179, Ош шаарында — 28, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 25, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 93, Ысык-Көл облусунда — 106, Жалал-Абад облусунда — 46, Баткен облусунда — 48 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 577 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 594 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 700 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 353 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 428 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 473 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума