14:04, 19 августа 2021, Бишкек - 24.kg
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы илдирди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.