Президенттин администрациясында кадрдык дайындоолор болду

14:13, 09 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Президент администрациянын Тышкы саясат бөлүмүндө жана өлкөнүн Казакстандагы элчилигинде жетекчилик алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жээнбек Кулубаев администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 2018-жылдан быйыл июль айына чейин ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болчу.

Казакстандагы элчиликти 2020-жылдын ноябрь айынан бери администрациянын Тышкы саясат бөлүмүн башкарып келген Дастан Дүйшөкеев жетектемей болду.