Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт

10:28, 06 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт.

Сапардын жүрүшүндө ал сел ташкындардан жабыркаган райондорго барат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.