08:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 840 кишиден вирус аныкталып, 9 киши каза болду

Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус дагы 840 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 476, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 131, Ош облусунда — 31, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 78, Баткен облусунда — 42 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 550 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 66, Ош шаарында — 41, Чүй облусунда — 119, Ош облусунда — 68, Талас облусунда — 34, Нарын облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 89, Баткен облусунда — 92 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош менен Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 306 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 629 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 554 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 16 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 76 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 152 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 372 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар