Олимпиада-2020. Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту

18:37, 04 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын медалын ута албай калып, күмүш байгеге татыды. Финалдык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Каваиге жеңилди.

Эсеп япониялык кыздын эсебине чечилип, 4:3 менен аяктады. Ошентип Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалына татыды.