Олимпиада-2020. Акжол Махмудов күмүш байге алды

17:56, 03 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш байгенин ээси болду.

Акжол Махмудов финалдык таймашка чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан болчу.