Олимпиада-2020. Мээрим Жуманазарова коло байгеси үчүн таймашат

10:14, 03 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн таймашат. Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын балбан кыз эми Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен күрөшөт.

Коло байге үчүн таймаштар бүгүн, 3-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.