Олимпиада-2020: Кыргызстандык спортчу жарым финалга чыкты

11:33, 02 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов азербайжандык атаандашы Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Биринчи күрөшүндө тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан.

Эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт.

Фото