11:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 897 кишиден вирус аныкталып, 9 киши каза болду

Кыргызстанда 2-августка карата коронавирус дагы 897 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 619, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 66, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 66, Баткен облусунда — 55 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 316 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 943, Ош шаарында — 30, Чүй облусунда — 118, Ош облусунда — 52, Талас облусунда — 22, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 67, Баткен облусунда — 60 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 3, Ош облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 502 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 894 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 147 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 344 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар