13:37, 30 июля 2021, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Куванычбек Конгантиев шайланды. Бул боюнча чечим бүгүн шаардык кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынды.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп «Эмгек» партиясынан депутат болгон Токтосун Султанов шайланды.
«Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары коалиция түзүп, «Ынтымак» жана «Социал-демократтар» партиясы оппозицияда калды.
Кубанычбек Конгантиев мурдакы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу.