Сокулукта 15 жашар бала сууга агып кетти

11:06, 30 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Сокулукта 15 жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында 2006-жылы туулган Э. уулу М. аттуу бала каналга (быстроток) агып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган.