Тажик жарандары Баткендин аткаминерлеринин унаасын таш бараңга алышты

10:16, 30 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Тажик жарандары президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүнүн орун басары Мафурхан Тулаев бара жаткан унааны таш бараңга алышты. Маалыматты аймактык ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Маалыматка караганда, Мафурхан Тулаев 29-июль күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Ак-Сай айыл аймагына караштуу Таш-Тумшук айылында жабыр тарткан үйлөрдү көрүп кайтып келе жатышкан.

«Окуя түнкү 22.00дө болгон. Факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүп, келтирилген чыгымды ордуна келтирүү суроосу коюлду», — дейт облустук ички иштер башкармалыгы.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдун машинасы талкаланган.