16:54, 28 июля 2021, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы күтүүсүздүктөн аткаминерлерге азуусун көрсөтүп, өткөн жумада күн тартибинен үч мыйзам долбоорун алып, кайра иштеп чыгууга жөнөттү: «Министрлер кабинеты», «Жергиликтүү өзүн башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мамлекеттик администрация» тууралуу.
Бирок, депутаттардын калоосуна карабай, бул мыйзам долбоорлору баары бир кабыл алынышы керек. Ошондо гана Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирет.
Депутат Каныбек Иманалиев бул мыйзам долбоор кабыл алынып калса, парламент өз күчүн жоготорун айтты. Себеби, мыйзам долбоор боюнча министрлер кабинети толугу менен мамлекет башчысына көз каранды. Аткаминерлер президенттин гана тапшырмаларын аткарат.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүнө, курамын жана аны дайындоого дагы таасир бере албайт.
Министрлерге өзгөчө ыйгарым укуктар ыйгарылат. Алар өзүнүн милдеттерин аткаргандыгы үчүн жоопко тартылбайт. Кылмыш ишин козгоо жана жазага тартуу үчүн президенттин уруксаты керек болот.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтык унаа менен камсыз болушат. Белгилей кетсек, бул норма мурда дагы бар болчу, бирок иштечү эмес.
Депутат Жанар Акаевдин айтымында, мыйзам долбоор Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун ортосунда бийликти бөлүштүрүү үчүн жазылууда.
«Бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат. Долбоор бийликтегии эки адам үчүн жазылган. Бир киши баарын камап, анын таасири өсүп жатат. Эми ага жолтоо коюулууда. Аким, министрлерди жоопко тартуу үчүн президенттин уруксаты керек экен. Президент эми ууру акимдерди дагы коргойбу?», — дейт Жанар Акаев.
Депутат Рыскелди Момбеков мындай эбегейсиз бийликке ээ болгон министрлер кабинетин Кызыл китепке киргизип коюуну сунуштады.
Мамлекеттик сыйлыктары бар министрлер камоого алынбайт экен. Аткаминерлердин баарында эле наамдары бар да. Анда алардын баарын Кызыл китепке киргизип коелу.
Рыскелди Момбеков.
Министрлер кабинетинин курамын бекитүүдөн мурда президент парламентке сунуштама киргизет. Бирок, депутаттардын чечими маанилүү эмес. Министрликке талапкерлерди колдобосо дагы өзү дайындап коет. Андыктан эл өкүлдөрү бул жобонун зарылчылдыгын түшүнүшкөн жок.
Юстиция министри Асел Чыныбаева долбоорго экинчи окууда депутаттар өзгөртүүлөрдү сунуштай аларын белгиледи.
Бирок, эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун кайра артка жөнөтүштү.
Анда талдоочулардын пикиринде, Конституцияга каршы келген демилгелер бар. Анткени, Баш мыйзам боюнча жергиликтүү башкаруу органдары аймактын көйгөйлөрүн чечүүдө өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу шарт.
«Мыйзам долбооруна ылайык жарандардын жергиликтүү бийликтин ишине катышуу жолдору толук жабылган. Жарандар уставы жок иш алып барган курултайдын ишине гана катыша алат. Айыл башчысы жана мэрди шайлоого тургундар эч бир таасир бере албайт», — дейт жарандык коомдун өкүлдөрү.
Бул боюнча эскертүүлөр конституциялык реформанын жүрүшүндө көп жолу айтылган.Бирок, ага карабай депутаттар конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум колдоого алышкан.
Эми президент аткаруу бийлигин дагы жетектейт. Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, ага тапшырма берет. Жогорку Кеңешке мыйзамдарды сунуштап, облус,район башчыларын дайындайт.
Кыскасы премьер-министрдин баардык милдети, ыйгарым укугу президентке өтүүдө.