Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө дарыланууга чыгып кетет

18:21, 27 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришити.

Маалыматка караганда, ага дарылануу талап кылынат.

«Анын саламаттыгы начарлап, чет өлкөдө дарылануу талап кылынат. Андыктан Өмүрбек Бабановго чет жакка чыгууга уруксат берилди», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүн анын жеке менчик клиникага которулганы маалым болду.