09:41, 27 июля 2021, Бишкек - 24.kg
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын юристи билдирди.
Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабановдун жүрөгү ооруп, «Авиценна» медициналык борборуна жаткырылды.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» кенинин алкагында козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган.