Чүйдөгү Адыгене көлүнүн деңгээли көтөрүлүүдө

09:35, 27 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Чүйдө күндүн катуу ысышынан улам мөңгүлөр ээрип, көлдөр толо баштаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021 жылдын 23-24-июль күндөрү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруу топ түзүлүп, Аламүдүн районунун Адыгене көлүнүн деңгээлин сифондук ыкма менен агызып, көлдүн көлөмүн төмөндөтүү иш-чаралары өткөрүлдү.