COVID-19. Бир суткада 1 миң 127 кишиден вирус аныкталып, 10 киши каза болду

10:04, 23 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 678, Ош шаарында — 22, Чүй облусунда — 134, Ош облусунда — 37, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 94, Баткен облусунда — 82 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 396 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 883, Ош шаарында — 24, Чүй облусунда — 196, Ош облусунда — 48, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 94, Баткен облусунда — 98 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй жана Талас облустарында 2, Жалал-Абад облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 229 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 845 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 295 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 533 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 155 миң 5 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 138 киши айыгып чыкса, 2 миң 227 адам каза болду.