13:55
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 1 миң 169 кишиден вирус аныкталып, 12 киши каза болду

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 169 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 760, Ош шаарында — 13, Чүй облусунда — 132, Ош облусунда — 31, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 76, Баткен облусунда — 76 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 837 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 303, Ош шаарында — 95, Чүй облусунда — 155, Ош облусунда — 35, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 95, Баткен облусунда — 935 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 4, Нарын менен Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 124 миң 58 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар