Сузакта сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү табылды

10:05, 21 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел 6 жаштагы М.А. аттуу кызды агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, райондун Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында жүрдү.

Жеринде издөө иштеринин натыйжасында жогоруда аталган кыздын сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Учурда айылдарды селдин кесепетинен тазалоо иштери жүрүүдө.