Олимп оюндарынын алкагында Токиодо мелдештер башталды

09:54, 21 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты, деп жазат «Азаттык».

Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда болот. Адатта беттештер расмий ачылышка чейин эле старт алат.

Софтбол — бейсболдун жеңилирээк түрү. Олимпиада программасына 1996-жылы кирген. Быйыл Австралия, Канада, Италия, Мексика, АКШ жана Жапония курамалары биринчилик үчүн таймашышат.

Софтбол 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиадага киргизилген эмес.