07:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19: Бир суткада 1 миң 364 кишиден вирус аныкталып, 11 киши каза болду

Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 364 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 778, Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 205, Ош облусунда — 48, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 51, Жалал-Абад облусунда — 85, Баткен облусунда — 116 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 135 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 647, Ош шаарында — 106, Чүй облусунда — 155, Ош облусунда — 37, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 61, Баткен облусунда — 95 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 763 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 469 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 123 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 340 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 147 миң 656 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 124 миң 58 киши айыгып чыкса, 2 миң 165 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар