10:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ӨКМ: Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу ачылды

Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда саат 20:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 70-чакырымын каптап, унаа жол жабылып жана Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна кирген.

Жерине тазалоо иштерине ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучудан турган ыкчам тобу, 1 грейдер, 3 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, саат 23:40та унаа жолу толук тазаланып ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар