«Бул долбоор ишке ашып жатат, Тажикстанга бардык каражат бөлүнгөн, чек ара тозоту курулат», — деди Кабулов.
Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров май айында Душанбеге барганда Орусия менен Тажикстан тажик-ооган чек арасында заманбап чек ара тозотун куруу боюнча келишимге кол коюшу ыктымал экенин айткан.
Тозот мамлекеттик чек аранын кайсы тикесинде курулары жана ага канча каражат бөлүнгөнү айтыла элек.