Аксыда сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылды

14:02, 14 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Аксы районунун Ак-Жол айылында сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен атасы кызын тапты.

Учурда 2016- жылы туулган бала изделүүдө.

Белгилей кетсек, Аксыда сел жүрүп 8 адамды анызып кетти. Алтоонун сөөгү табылып, бир кыз менен бала издөөгө алынган.