Маалыматка караганда, өлкөдө вакцина тартыштыгы жок. Буга чейин Индиянын AstraZeneca жана Кытайдын Coronavac вакциналарынын 1 миллиондон ашык дозасы бекер жеткирилген.
«Өткөн жумаларда шаардык бейтапканаларда адамдар аз болсо, азыр эмдөөдөн өткүсү келгендер кезектерде турушат. Бийликтин эмдөөнү милдеттүү кылуу чечими абалды жакшыртууга түрткү болот деп эсептейм», — деди Обиджон Саидзода аттуу Душанбе тургуну.