Бишкекте соода борборлорунда эмдөө пункттары ачылды

14:33, 12 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды, анда шаардыктар «Sinopharm» кытай вакцинасын алышат, деп билдирет муниципалитеттен.

Төмөндө эмдөө пункттарынын даректери:

Ленин району:

— «Берекет универсал» соода борбору, Ош базарынын аймагында (Фучик көчөсү, № 20/3, 0-кабат);

— «Азия Молл» соода борбору (Ч.Айтматов проспектиси № 3);

Октябрь району:

— «Таш-Рабат» соода борбору (М.Горький көчөсү, № 1);

— «Космопарк» соода борбору (Юнусалиев көчөсү, № 40а (7-кичирайон);

Биринчи май району

— «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, № 98);

— «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү, № 148);

Свердлов району:

— «Деский мир» соода борбору (Чүй проспекти, № 147/4);

— «Чынар» базары (Аламедин-1 кичирайону, № 63/1).

"Вакцина алуучунун паспорту жанында болуусу керек, анткени паспорттогу бардык маалымат боюнча эмделүүчү адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөдөн өткөндөрдүн маалымат базасына киргизилет", -деп айтылат маалыматт.