Курман айт 20-июлда өтөт

08:50, 12 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Курман айт 20-июлда өтөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Алардын айтымында, 11-июлда Зул Хижра айы башталды.

«Демек 19-июль арапа, 20-июль айт болот», — дейт муфтият.

Белгилей кетсек, Курман айт орозо айынан кийин 70 күндөн кийин белгиленет.