23:16
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Казакстанда жети жаштагы баланын мектепте зордукталганы боюнча тергөө жүрүүдө

Казакстандын Актөбө шаарында мектеп имаратынын ичинде жети жаштагы баланын зордукталганы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Азырынча иштин алкагында билим берүү мекемесинин башчысы менен анын тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганы кабарланууда.

«Тергөө медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат. Эгер ал баланын сексуалдык зомбулукка кабылганын ырастаса, мектеп жетекчилигине карата башка чаралар көрүлөт», — деди облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Жолдас Батырхан.

Башкармалыктын маалыматына караганда, быйыл марттын аягында 7 жаштагы баланын чоң энеси мектеп жетекчилигине кайрылып, «мектепте небересине ыдык көрсөтүп жатышканына» даттанган. Эки күндөн кийин ал полицияга небереси билим берүү мекемесинде зордукталганын билдирген.

Бул окуя тууралуу коомчулукка белгилүү болгондон кийин Актөбөгө Билим берүү министрлигине караштуу Балдардын укуктарын коргоо комитетинин башчысы Есенгазы Имангалиев барып, жабыркаган баланын туугандары менен жолуккан.

«Актөбө облустук билим берүү башкармалыгы анын туугандарынын даттанууларына тиешелүү деңгээлде реакция кылбай, бул тууралуу министрликке маалымат берген эмес. Башкармалык аймактагы мектептерде эмне болуп жатканын билүүгө жана ар бир бала үчүн шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү», — деди ал.

Учурда жабыркаган бала менен көз карандысыз психолог иштеп жатат. Полиция «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка 9-класстын төрт окуучусу шек саналып жатканы кабарланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2021-жылдын алгачкы төрт айында Казакстанда «жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоо» боюнча 112 жана «эрезеге жетпеген балдарды бузуу» боюнча 69 факты катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби