Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

08:53, 11 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1966-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Кант шаарындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. 10-июлда 9 куткаруучу издөө иштерин улантып, Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан агып өткөн Чоң Чүй каналынын тосмосунда сөөктүн калкып жатканын экскаваторщик көрүп калган. Жерине маркумдун өздүгүн тактоо үчүн туугандары барышып, К.Б.А. экендигин тастыкташкан.