12:39, 08 июля 2021, Бишкек - 24.kg
Россия кыргыз жараны Эсен Мажитовду Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, чечим кечээ чыкты.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов апрель айында Тажикстандын көрсөтмөсү менен Россияда кармалган.
Тажикстан Эсен Мажитовду чек арадагы баш аламандыкка күнөөлөп, эл аралык издөө жарыялаган.