8-июлга карата бир суткада 1 миң 238 адамдан вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында — 693, Ош шаарында — 67, Чүй облусунда — 151, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусу — 38, Жалал-Абад облусунда — 86 жана Баткен облусунда — 89 кишиден вирус аныкталды.
Бир суткада Бишкек — 6, Чүй облусунда −3 жана Ысык-Көл облусунда 1 адам набыт болду.
2020-жылдын март айынан бери 135 миң 739 адам вируска кабылып, 2 миң 73ү көз жумду.